Ссылки доступа

Түркия менен мамиле ЖККУда кайчы пикирлерди жаратты


Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун Москвадагы саммити Орусиянын өнөктөштөрүнүн арасында карама-каршы пикирлерди жаратканын орусиялык жалпыга маалымадоо каражаттары жазып чыгышты.

Отурумда эл аралык терроризм менен күрөшүү жана орус-түрк мамилелери талкууга алынып, уюмга мүчө өлкөлөр орус учагынын Түркия тарабынан атып түшүрүлүшүн айыпташкан эле.

Сирия жана Түркия маселелери боюнча Орусиянын туруму белгилүү болгону менен ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн айрымдары, анын ичинде Кыргызстандын да пикири айтыла элек. Бул маселе тар чөйрөдө да, кеңири форматта да жабык эшик артында гана талкууланды.

Эксперт Аркадий Дубновдун баамында, Орусиянын мурдагы советтик мейкиндиктеги өнөктөштөрү Сириядагы аракеттер жана Анкара менен болгон пикир келишпестикте Москвага жан тарткандар жок экени байкалды.

ЖККУга Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

XS
SM
MD
LG