Грузияда абакта отургандарды китеп менен камсыздоо акциясы өтөт 

Грузияда “Абакта отурганга китеп белекке бер” аттуу акцияга каалаган жаран катышса болот.

Бул демилге Улуттук парламенттик китепканада майрамдык китеп фестивалынын алкагында 25-27 декабрда уюштурулат. Муну менен абакта отургандарды китеп окууга чакырып, жашоосун өзгөртүү аракети көрүлүүдө.

Фестивалды өткөрүү демилгеси Грузин китеп бирлигине таандык. Аны Грузиянын Улуттук парламенттик китепканасы кубаттаган.

​
XS
SM
MD
LG