Өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атап алган топко жана ооган тараптан туулган террордук коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн жардам бериле турганын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын кол башчысы Жаныбек Капаров менен Москвадагы жолугушууда билдирди.
Анын айтуусунда, «Ислам мамлекети» уюмунун катары кеңейип, бүт дүйнөгө жайылып жаткан чакта Кыргызстандын армиясы да баарына даяр болууга тийиш.
Тараптар биргелешкен аракеттер аркылуу ар кандай коркунучтарга каршы күрөштүн арты жемиштүү болот, деген пикирде экенин айтышты.