Ссылки доступа

Атамбаев: кыргыз сому каатчылыкка кабылган жок


Президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйында кыргыз сому каатчылыкка кабылды деген пикирлерди четке какты.

Анын айтымында, бир катар эксперттер валюта базары тууралуу пессимисттик божомолдорду билдирип жатышат.

“Казакстанда теңгенин наркы 2 эсе түштү. Орусияда рублге байланыштуу абал көңүл жылытпайт. Бизде сомдун долларга карата катышы жыл башында 59 сом болчу, азыр 75 сомго чыкты. Демек, кыргыз сому 2 эсе төмөндөгөн жок. Серепчилер улуттук валюта каатчылыкка учурады деп туура эмес жоромолдошууда. 1997-жылдан тартып сомду интервенция аркылуу колдоп келе жатабыз”, - деди Атамбаев.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, жыл башынан бери доллар кескин жогорулап 29 пайызга өстү.

XS
SM
MD
LG