Ошондой эле өтүп бараткан жыл аймактагы мамлекеттер менен алака түзүүдө ийгиликтүү болгонун кошумчалады.
АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Дэниэл Розенблюмдун айтуусунда, 2016-жылы Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен мамилени өнүктүрүү багытында иштер жүргүзүлөт. Ал мамлекеттик катчы Жон Керринин чөлкөмдөгү 5 өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуусу жемиштүү болгонун белгиледи.
Кездешүү ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп, беш тараптуу мындай сүйлөшүүлөрдү кийинки жылы да улантуу макулдашылган.