Ссылки доступа

Атамбаев: террорчу жана экстремисттерди жарандыктан ажыратуу керек


Президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында ыктыярдуу түрдө террордук жана экстремисттик уюмга кошулуп кеткендерди жарандыктан ажыратуу зарылдыгын айтты.

“Ислам мамлекети” экстремисттик уюму жана анын Кыргызстанга тийгизген терс таасири тууралуу пикирин билдирген Атамбаев согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирия өңдүү өлкөлөрдө Кыргызстандын гана эмес, кошуна өлкөлөрдүн да жарандары жүргөнүн, бул аймактын чоң көйгөйү экенин белгиледи.

Мамлекет башчы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш берген соң Орусиянын Сириядагы аба чабуулдарын колдой турганын журналисттер алдында ырастаган болчу. Бул пикирин тактап, президент төмөнкүлөргө токтолду:

- Колдойбуз дегенде, албетте, аскерлерди же башкаларды жөнөтпөйбүз. Биз колдогонубуз ошол жерде миңдеген Орусиядан, Өзбекстандан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан барган эргулдар чогулган. Албетте, ошол жеринен эле жок болсо жакшы да. Менимче, бүт дүйнө биригип "ДАИШти" жок кылса.... Азыр Сирияга кеткендер эмес, кайтып келгендер коркунучтуу болуп атат. Алар чума сыяктуу эле оорулуу болуп калышкан. Ошондуктан террордук аракеттерге кошулууну чечкендер, ошол жолду тандагандар кайра Кыргызстандын жараны боло албайт деп, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган элем.

Расмий маалымат боюнча өздөрүн «Ислам мамлекети” деп атап алган топко жана башка экстремисттик уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардчн саны о его словам, уже около 400-500гө жетти.

XS
SM
MD
LG