Согушкерлер маршрутун Сириядан Ооганстанга карай бурууда.
Күч органдары Ооганстанда ИМге кошулган тажик тургундарын мурда Сирияга кеткенин жоромолдогон. Тажик бийликтери экстремисттик уюмдардын катарына тартылган жаштардын мындан да көп болушу ыктымалдыгын четке какпайт.
Ал арада Борбор Азияда тыюу салынган “Өзбекстан ислам кыймылынын” мүчөсү болгон “Ансорулло” уюму интернетте видеокайрылуу жайгаштырып, анда Ооганстандагы Бадахшан аймагынын Вардуж айылы аларга кошулган тажик тургундарынын жардамы менен колго алынгандыгы айтылган.