Ошондой эле ага 5 жылга мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматтарды ээлегенге да тыюу салынды. Укшебаев метро курулган учурунда акча уурдаган деп күнөөлөнүүдө.
Аны менен бирге Ербол Калдыбаев жана Константин Антипов 8 жылга кесилди. Алардын мүлкү конфискацияланып, 3 жылга чейин мамлекеттик органдарда иштей алышпайт. Мындан тышкары мамлекет казынасына 2,5 миллиард теңге төлөп бериши абзел. Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул акчаны алар 2010-2012-жылдары уурдашкан.
Соттолгондор чечим менен макул эмес, жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти.