Ссылки доступа

Меркел менен жолуккан качкын кызга баш паанек берилет


14 жаштагы палестиналык Рим Сахлвил Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушканда депортацияланып калыш мүмкүндүгүн угуп ыйлаган, бирок акыры Германияда жашоо укугуна ээ болду.

Bild гезити маалымдагандай, ал Меркелден өзүн жана үй-бүлөсү Германиядан кайрадан Ливанга чыгарылбайбы деп сураган. Эми кыз жана анын үй-бүлөсү Германияда 2017-жылдын октябр айына чейин кала алат.

Эскерте кетсек, июл айында Ростокто Меркель окуучулар менен жолугушкан. Римдин суроосуна Меркель саясат – оор маселе экенин айтып, Германия бардык качкындарды кабыл ала албайт деп жооп кайтарган. Ушундай жооптон кийин канцлердин дарегине сын пикирлер айтыла баштаган эле.

Ошол эле учурда Time жана Financial Times басылмалары Меркелди бозгундарга өз өлкөсүнүн чек араларын ачканы үчүн “Жылдын инсаны” деп тапты.

XS
SM
MD
LG