Бул багыттагы келишимге Бириккен улуттар уюмунун ортомчулугу аркылуу жетишилди.
“Сирия обсерваториясы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Рами Абдулрахамдын айтуусунда, көчүрүлө тургандар коопсуз жолдор деп эсептелинген Дамасктын алдындагы Ярмуктагы палестиндик качкындар лагери жана коңшу Хажар аль-Асвад району аркылуу Сириянын түндүгүндөгү Ракка шаарына жана башка “Ислам мамлекети” көзөмөлдөгөн аймактарга кийинки айларда жеткирилет.
Укук коргоочулар алар үчүн бир нече автобус келгенин кабарлашты.