Ссылки доступа

Ала-Бука: Сирияга барып келди деген окуучуну мектепке албай жатышат


Сирияга барып келди делген окуучуну мектеп кабыл албай жатканын "Азаттыкка" Ала-Бука районундагы Кажар айылынын тургуну Мавлюда Шарипова билдирди.

"Ноябрда биз Түркиядан келген соң 6-класста окуган кызымды мектепке алып барайын деп директорунан сурасам силер кайсыл жактарга гана барбадыңар, Түркиягабы же Сириягабы белгисиз. Окутпайбыз. Кыздын документтерин да райондук билим берүү бөлүмүнө берип жибергенбиз деп кабыл албай койду", - деп айтты Шарипова.

Мектепке кабыл алынбаган окуучу кыз Тахира Махмудова билим алган айылдагы №34-орто мектептин социалдык педагогу Мунайым Конушова окуучунун апасынын айткандарын четке кагат.

Ал окуучу кызды мектепке чакыруу максатында аларды издеп үйүнөн таба албай койгондугун билдирип, маселе жалпы чогулушта чечилерин ырастады. Мугалим Тахира Махмудова мектепке кабыл алынса эки чейрек сабак калтырганы үчүн бир класс төмөн окутуларын кошумчалады. Мектеп жамааты окуучу кызды Сирияга апасы алып кетти деп айтылганда эле жыл башынан тартып аны класстык журналга каттаган эмес.

XS
SM
MD
LG