Ссылки доступа

Савченконун соту кийинки жылы да уланат


Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык сотунда Надежда Савченконун иши боюнча быйылкы жылдагы акыркы жараян аяктады. Кийинки отурум январдын ортосуна белгиленди.

Эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деген шек менен Орусияда камакта отурган украиналык учкуч Надежда Савченко ачкачылык кармоону улантууда. Сот 17-декарда анын камактагы мөөнөтүн 2016-жылдын 16-апрелине чейин узартуу чечимин чыгарган эле.

Соттолуучунун күнөөсүз экенин далилдөө максатында Украина өкмөтү сунуштаган документтер отурумда каралган жок. Буга нааразы болгон Савченко ачкачылык жарыялады.

Учкуч 2014-жылдын июль айында кармалган. Андан бери эки жолу ачкачылык кармаган. Украин бийлиги Савченко күнөөсүз экенин айтып, аны чек арадан орусиячыл жикчилдер уурдап кеткенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG