Ссылки доступа

Талиптер Орусия менен ымала түзүү тууралуу кабарды төгүндөдү


Ооган талиптери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы Орусия менен ымала түзүү тууралуу кабарды төгүндөдү.

- Биз “Ислам мамлекети” тобунка каршы күрөшүү үчүн кимдир бирөөнүн жардамына муктаж эмеспиз. Эч ким менен бул жаатта сүйлөшүү өткөрбөйбүз,- деп жазылат талиптердин сайтындагы билдирүүдө.

Мурдараак Орусия Тышкы иштер министрлиги “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы Ооганстандагы талиптердин кызыкчылыктары Москваныкы менен дал келет деп билдиргенин “Интерфакс” басып чыккан эле. Ал кабарда Орусиянын Ооганстандагы атайын өкүлү Замир Кабулов бул жаатта талиптер менен маалымат алмашуу болгонун белгилеген.

XS
SM
MD
LG