Бул өкмөттүк күчтөрдүн “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун үстүнөн соңку жарым жылда жетишилген эң ири жеңиши катары сыпатталууда.
Шаарды жоочулардан тазалоо аракети бир канча аптага созулуп, 27-декабрда аскерлер провинициянын административдик имаратын ээлегени кабарланды. Бирок “Ислам мамлекети” тобуна каршы АКШ баштаган аскерий коалиция Рамадинин административдик имараты өкмөт колуна өткөнү тууралуу маалымат бышыктай элек.