Ссылки доступа

 Интернетте ал-Багдади жаңы опуза менен кайрылуу жасады


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун лидери Абу Бакр ал-Багдади жаңы опуза менен кайрылуу жасады.

Интернетке чыгарылган аудио билдирүүдө ал Израил элин коркутуп, жакын арада Палестинага алардын жоочулары барарын жана исламий бийлик орнотууга бүт аракет жумшаларын айткан.

“Эми биз менен чырым тагынгандар эле эмес, бүт дүйнө согушат”,- дейт ал-Багдади.

Ошондой эле ал “Ислам мамлекети” тобуна каршы коалициянын башындагы Сауд Арабия элине кайрылып, көтөрүлүш кылууга үндөйт. Андан сырткары Орусия жана АКШ уруп жаткан соккулар аларды артка чегинүүгө мажбурлай албастыгын да кошумчалайт.

Бул соңку жети айдан бери Багдадинин алгачкы кайрылуусу. Айрым маалыматтарга караганда, ал октябрда Иракта оор жарадар болгон. Андан мурдараак Багдадинин өлгөнү тууралуу да жалган кабар тараган.

Дүйнөлүк мааниде кооптуу топко айланган “Ислам мамлекети” тобу Ирак жана Сириядагы бир катар аймактарды басып алган.

XS
SM
MD
LG