Ссылки доступа

Казакстанда спорт тайпаларынын бюджеттери кыскарууда


«КазРосГаз» компаниясы 2016-жылы футбол боюнча Казакстандын күмүш сыйлыгын алган «Кайрат» командасына акча бөлүп бербей турган болууда. «Кайраттын» жетекчилиги бул маалыматты тастыктап, эми жаңы каржы булактары изделе турганын билдирди.

Буга чейин «КазРосГаз» аталган футбол команданы 70 пайыз каржылап, калган 30 пайызын Алмата шаар башкармалыгы берген.

Ал эми “Атырау” командасына жергиликтүү бюджеттен 531 миллион теңге бөлүнөт. Былтыркы жылга салыштырганда, каржы 2 эсе кыскарат.

Карагандалык «Шахтер» командасынын аткаруучу директору Владимир Нидергаус да экономикалык кырдаалга байланыштуу клубдун каржысы кескин азайарын кабарлады.

Костанайдык «Тобол» командасынын башчысы Талгат Баймуратов болсо ушундай эле абалда экенин белгиледи.

Буга чейин Казакстандын Олимпиада комитетинин президенти Тимур Кулибаев жыл сайын облустарда спортко 3-4 миллиард теңге бөлүнөрүн, Астана жана Алмата шаарлары 5-6 миллиард теңге берерин жана бул каражаттын басымдуу бөлүгү футболго жумшаларын айткан.

«Самрук-Казына» фондунун аткаруучу директору Дархан Калетаев белгилегендей, «Астана» футбол клубу 2015-жылы тайпалык оюндарда экинчи жолу Казакстандын чемпиону болду. Кийинки жылы дагы ийгиликтерди багындырыш үчүн 45 миллион доллар керек. Каржы тууралуу чечим 2016-жылдын башында кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG