“Мен ырды биздин падышага, элибизди канча жылдан бери башкарып келген жана өлкөбүздө тынчтыкты жана ынтымакты сактап турган атабызга арнадым. Мен ага миң мертебе ыраазымын”, - дейт Усманова.
Анын чыгармасы президенттин кичи мекени - Самарканд шаарын даңазалоодон башталып, Каримовду Аксак Темирдин мураскери деп атаган.
500 кишиден турган сыйлуу коноктордун арасында көптөгөн дипломаттар, анын ичинде Түркиянын Өзбекстандагы элчиси Намик Гюнер Эрпул отурду.