Ссылки доступа

Тажикстанда 4 миң ысымдан турган тизме өкмөткө жиберилди


Өлкөнүн терминдер жана тил боюнча комитети улуттук ысымдардын бирдиктүү тизмесин даярдап, өкмөттүн кароосуна жиберди.

Аталган комитеттин өкүлү Абдурахим Зулфониён “Азаттыктын” тажик кызматына маалымдагандай, тизмеде 4 миң ысым жазылган. Ал бекитилгенден кийин жарандык абалды каттоо бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт. Ошонун негизинде жаңы төрөлгөн балдарга документ берилмекчи.

“Мекеменин кызматкерлери тизмеде бар ысымдарды гана каттай алышат. Тажик улутундагы ымыркайларга аягы "кул", "хан" деген аталыш менен бүткөн түрк ысымдарын коюуга тыюу салынууда”, - дейт ал.

Бул эреже өлкөдөгү башка улуттун өкүлдөрүнө тиешелүү эмес. Анда тажик элине сиңип калган араб ысымдары да кездешет. Бирдиктүү тизме 2016-жылы жарыяланат.

XS
SM
MD
LG