Ссылки доступа

Кытайда терроризмге каршы талаштуу мыйзам кабыл алынды


Кытайда жаңы кабыл алынган мыйзам дүйнө өлкөлөрүнүн ачакей пикирлерин жаратууда.

Мыйзам боюнча эми Кытайда иштеген бардык технологиялык компаниялар кытай өкмөтүнө маалыматты окуу үчүн электрондук шифрларын берүүсү керек.

Ошондой эле маалымат каражаттарында жана социалдык сайттарда террорчулардын жүрүм-турумун туураган аракеттерди азайтуу үчүн террордук чабуулдардын майда-чүйдөсүнө чейин жазып, «зордук-зомбулук менен гумандуулукка жат» кадрларды жарыялоого тыюу салынат.

Мыйзам долбоору даярдалып жаткан маалда эле Батыш өлкөлөрү компьютердик технологияларга киргизген чектөөлөрү үчүн кытай бийликтерин сынга алып, бул чара адам укуктары менен жарандык эркиндикти камсыздоого шек келтирет деп тынчсызданышкан.

АКШ президенти Барак Обама менен Мамлекеттик департамент чет элдик компаниялардын жеке купуялуулукту камсыздаган электрондук шифрларды расмий Бээжинге берүүсүн мыйзамдаштырууга ачык каршы чыгышкан.

Жаңы мыйзам ошондой эле кытай аскерлерине өлкө сыртында терроризмге каршы операцияларга катышууга жол ачат.

Кытай бийликтери өлкө ичинде, биринчи кезекте Синцзян-Уйгур автономиясында согушкерлер менен сепаратисттер туудурган коркунуч өсүп баратканын эскертип, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү терроризмге каршы күрөштө ушундай чараларды көрүүсү абзел деп белгилейт. Жаңы мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG