Ссылки доступа

Түркияда сириялык журналист өлтүрүлдү


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топтун согушкерлеринин кылмыштары жөнүндө документалдуу тасма тарткан сириялык журналист жана жарандык активист Нажи Жерфти 27-декабрда Түркиянын Газиантеп шаарында атып кетишти.

Аны менен чогу иштеген чыгармачылык топтун өкүлдөрү ок үн басаңдаткыч тагылган тапанчадан атылганын “Твиттерге” жазышты.

Жерфтин документалдуу тасмасында Сириянын Алеппо шаарында “Ислам мамлекети” уюмунун өкүлдөрүнүн мыкаачылыгы, тескери жоруктары баяндалган. Ал Сирияда кеңири тараган, ай сайын чыгуучу Hentah гезитинин да башкы редактору болуп иштечү. Тааныштарынын бири маркум ушул жумада Франциядан башпаанек алуу үчүн бүт үй-бүлөсү менен Парижге келүүгө камданып жатканын, бирок максаты ишке ашпай калганын France Presse агенттигине билдирди.

“Ислам мамлекетине” каршы чыккан сириялык жарандарды Түркияда өлтүрүп кеткен учур биринчи жолу болуп жаткан жок. Октябрда сириялык белгилүү жарандык активист жана анын санаалашы Шанлыурфа калаасында өлтүрүлүп, буга аталган террордук топ жоопкерчилик алган эле.

XS
SM
MD
LG