25-декабрга карата Түндүк Америкада сатыктан 49,3 миллион доллар пайда түштү. Бул көрсөткүч 2009-жылы «Шерлок Холмс» тасмасынан топтолгон акчадан 2 эсе көп. Алдыдагы он күн ичинде фильмдин казынасы 530 миллион долларды түзөрү күтүлүүдө.
Режиссер Жей Абрамс бул ирет 1977-жылдагы биринчи чыккан тасмадан көптөгөн каармандарды кошуп, жаңы идеяларды киргизген. Натыйжада анын эмгеги күйөрмандардын купулуна толгон. 28-декабрга карата бүткүл дүйнө боюнча 1 миллиард доллар түшүп, кыска убакыттын ичинде ири акча топтогон биринчи тасма катары тарыхта калат, деген ойлор айтылууда.