Ссылки доступа

Сауд Арабияда үч казак жараны кармалды


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, 20-декабрда Медина шаарында кармалган казакстандыктар экстремисттик топко кошулганга аракет кылышкан.

Мекеменин басма сөз катчы Ануар Жайнаков кармалгандар Мединадагы Ислам университетинин студенттери экенин казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлады.

Буга чейин Al-Jazeera гезити 5 казак жараны кармалганын жазып чыккан. Азыркы учурда Сауд Арабиядагы Казакстан элчилиги бул маалыматты тактап жатат. Аталган өлкө дагы эки жарандын кармалганы тууралуу расмий кабарлай элек.

XS
SM
MD
LG