Түркиядан келе жаткан 70ке жакын казакстандык жүк ташуучу автоунаалар уруксат кагазын ала албай 24-ноябрдан тарта Орусия менен чектешкен жерде турат. Казак ишкерлери мындан олуттуу чыгымга учурап жатканын айтышууда.
Мындай кырдаал Орусия Түркияга карата санкцияларды киргизгенден кийин түзүлдү. Түркия 24-ноябрда аба мейкиндигин бузганына негиздеп, орус аскер учагын атып түшүргөндөн кийин эки өлкө алакасы кескин курчуп кеткен. Тараптар ошондон бери бири-бирин айыптап келет. Москва бул окуядан соң Түркияга карата бир канча санкцияларды киргизген.