Өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлагандай, аялдарга кеңеш берүү борборунун кызматкери өткөн жумада 20 жаштагы кыздан 3 миң сомони алып жаткан кезинде колго түшкөн. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Тажик коомчулугунда кыздын таза экенине өзгөчө көңүл бөлүнөт. Расмий маалыматтарга ылайык, 2014-жылы соттук-медициналык экспертиза борборуна Дүйшөмбүдөн жана башка аймактардан кыздыкты текшерүү боюнча 600 кайрылуу келген.