Ссылки доступа

АКШ Ирактын жеңишин кубаттады


Расмий Вашингтон Ирак аскерлеринин Рамади шаарын жихадчылардан кайтарып алганын колдой турганын билдирди.

АКШ коргоо министри Эштон Картер бул жеңиштин мааниси чон экенин белгилеп, Ирактын бийлигин Рамадидеги тынчтыкты сактоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай, согушкерлердин кайра келүүсүнө жол бербөөгө чакырды.

Ирактын армиясы “Ислам мамлекети” тобу менен согушкан учурдан бери биринчи жолу жеңишке жетип, жекшемби күнү аталган шаарды толугу менен бошотту. Бул калаа үчүн кырчылдашкан салгылашуу бир жумага созулду.

Анбар провинциясынын борбору Рамади шаары Багдаддан 100 чакырым батышта жайгашып, Сирияга кетчү темир жолдун тоомунда турат. Аны согушкерлер быйыл май айында басып алып, натыйжада жихадчылардын негизги таянычына айланган болчу.

Бир жума бою айыгышкан салгылашуулар Ирак телеканалынын түз эфиринде көрсөтүлүп турду. Эми Ирактын армиясы “Ислам мамлекети” тобу 2014-жылы жайында басып алган Мосул шаарын бошотууга даярданууда.

XS
SM
MD
LG