Ссылки доступа

 Сирияда курчоодогу райондордун жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүүдө


Гуманитардык жардам берүү уюмдарынын өкүлдөрү билдиргендей, жараат алган жоокерлер менен карапайым жарандар түшкөн автобустар жана тез жардам унаалары Сириянын курчоого алынган аймактарынан Түркия, Ливанга чыгарыла баштады.

Аларды көчүрүү аракети Бириккен улуттар уюмунун ортомчулугу менен жетишилген макулдашуунун негизинде ишке ашууда. Козголоңчулардын карамагындагы өкмөттүк күчтөр курчап алган Ливанга чектеш Забадани шаарынан 125ке чукул ыктыярчы Бейруттагы аба майданды көздөй жол тартканы кабарланды.Сириядагы адам укуктарын коргоо уюмунун маалыматына ылайык, алар Түркия аркылуу чек арадан өтүшөт.

Ошол эле маалда өлкөнүн түндүк-батышындагы бийликке караштуу шиитердин эки кыштагынын 330дай тургуну жана аскерлер Түркиянын Хатай шаарына багыт алды, андан ары Бейрутка жана Дамаскка кете турганын “Рейтерс” агенттиги кабарлады.

Мындан мурда Сириянын өкмөтү менен козголоңчулар ок атууларды убактылуу токтотууну бир нече жолу макулдашкан. Кагылышуу жүрүп жаткан аймактардан жашоочуларды көчүрүү боюнча келишим жарандык согуш башталган 5 жылдан берки эң чоң мунаса катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG