Ссылки доступа

ИМ согушкерлери отуз өспүрүмдү өлүм жазага тартты 


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун согушкерлери Рамади шаарында Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы салгылашууга катышуудан баш тарткан отуз өспүрүмдү өлтүргөнүн Орусиянын ТАСС агенттиги кабарлады.

Аталган маалымат булагына бул тууралуу Ирактын Найнава дубандык кеңешинин (борбор Мосул шаары) өкүлү билдирген.

Анын маалыматы боюнча, жоочулар жазалагандардын баары 16га чыга элек өспүрүмдөр. Алар Ирак армиясы чабуул койгон убакта аларга каршы салгылашуудан баш тартып, качууга аракеттенгенген. Бирок кармалып калып, террорчулардын көзөмөлүндөгү Мосул шаарына жеткирилип, калаанын түштүгүндө орун алган Эл-Кияр районунун башкы аянтында эл алдында өлтүрүлгөн.

Ирактын бийлиги Рамади шаарын жекшебиде толук колго алган эле. АКШ башында турган эл аралык коалициянын абадагы соккуларынын жардамы менен май айында согушкерлер басып алган шаарды кайтаруу аракети 22-декабрда башталган болчу.

XS
SM
MD
LG