Ссылки доступа

Кыргызстанда эки кызматташын аткан жоокер камакка алынды


28-декабрда таңга маал кароолдо турган эки кызматташын атып салган аскер Аскар Мейкин уулу азыр камакта отурат.

Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Нурлан Тагаев билдиргендей, окуя боюнча кылмыш иш козголду. Ушул тапта тергөө уланууда.

Улуттук гвардиянын Бишкектеги “Пантера” атайын даярдыктагы бөлүгүндө кызмат өтөп жатканына үч ай болгон Аскар Мейкин уулу кечээ таңга маал кароолдо турган эки аскерди атып алган болчу. Натыйжада бирөө ооруканада көз жумган. Үч жолу ок жеген экинчи жоокердин абалы оор. Азыркы тапта реанимацияда жатат.

XS
SM
MD
LG