Ссылки доступа

Тажик жараны Орусияда жардыруу боюнча жалган маалымат тараткан деп айыпталууда


Самарада “террор тууралуу жалган маалымат берген” деген күнөөнүн негизинде 23 жашар тажик жараны кармалды.

Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматы билдиргендей, бул адамдын өлкөдө мыйзамсыз жүргөнү аныкталды. Самарага сүйлөшкөн кызына 2 жума мурун келген. 26-декабрда “112” кызматына чалып, “Космопорт” соода борборуна бомба коюлганын, жарым сааттын ичинде жардырыла турганын кабарлаган. Ошондой эле өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топтон дубай-салам жолдоп, келе жаткан майрамынар менен деп куттуктаган. Өзү соода борборунда жүрүп, элди эвакуациялоо аракети башталганда гана кеткени белгилүү болду. Тажик жараны жалган кабар таратканын моюнга алып, анын себептерин атай алган жок.

Эми Орусиянын кылмыш кодексинин 207-беренеси боюнча 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG