Жолугушууда 27-декабрда Тегеранда өткөн ислам бирдиги боюнча эл аралык конференцияда жаралган маселе талкууга алынып, элчиге нота тапшырылды.
“Жыйынга Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын башчысы, эл аралык издөө жарыяланган Мухиддин Кабири чакырылганы түшүнбөстүк жаратууда”, - деп жазылган нотада.
Министрлик уюштууручулардын мындай кадамын туура эмес көрүп, Иран менен Тажикстандын мамилелерине доо кетириши мүмкүндүгүн четке каккан жок.