Ссылки доступа

Өзбекстанда армян жараны ИМ менен байланышы бер деп күнөөлөнүүдө


Жизак облусунда мал менен алектенген Арамаис Авакян 4-сентябрдан бери камакта.

Ал “Ислам мамлекети” террордук тобу менен байланышы бар деп шектелүүдө. Ага “уурулук” беренеси менен дагы айып коюлуп жатат.

Авакян менен чогу анын 4 досу “конституциялык түзүлүштү кулатуу”, “тыюу салынган уюмдарды түзүү, башкаруу, кошулуу” беренелери боюнча соттолууда.

33 жаштагы Арамис Авакяндын туугандарынын айтымында, ал христиан динин тутат. ИМге эч кандай тиешеси жок. Алар Авакян кыйноодон каза болуп калышы ыктымал дешүүдө. Бирок бийлик өкүлдөрү анын тирүү экенин айтууда. Отургучтан кулап кетип, жаракат алганын маалымдашты.

Авакяндын жубайы болсо ал жергиликтүү бийлик менен пикир келишпестиктин айынан камалып кеткенин билдирүүдө. Жаңжалга Жизак облусунун Пахтакор районунун балык чарбасы себеп болгон. Кармалгандардын баары ошол жерде иштешчү.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, алар бири-бирине жихадка баруу тууралуу смс жазышкан. Анткен менен бул билдирүүлөр алар кармалгандан кийин жазылганы да кабарланууда.

XS
SM
MD
LG