Банк тараткан билдирүүгө ылайык, Ракишев «Альнаир» компаниясы менен сатып алуулар боюнча макулдашты. Аталган уюмда банктын 28,08% үлүшү бар болчу. Мындан улам, Ракишевдин көзөмөлүнө өткөн үлүш 56,75% өстү.
Бул сатуу жөнүндө алгач быйыл август айында маалым болгон эле. Анда пакеттик көзөмөлдү сатып алуучулар арасында БТА Банктын директорлор кеңешинин төрагасы Кенес Ракишевдин аты-жөнү айтылган.
Ракишев БТА Банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп 2013-жылы дайындалган. Аталган банк 2009-жылга чейин Мухтар Аблязовго тиешелүү болгон. Мухтар Аблязов азыр Франциядагы түрмөдө. Ал Орусияга экстрадиция болушу мүмкүн. Муну ал оппозициялык аракети үчүн казак бийлигинин өч алуусу деп атаган.