Ссылки доступа

Орусияда “Ислам мамлекети” тобуна жардам берген эки кыз соттолду


Астрахандагы медициналык институттун студенттери Елена Аршаханова менен Саида Халикова “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каржылык жардам бергени үчүн беш жылга түрмөгө кесилишти.

Экөө тең Орусия жарандары. Алар тиричилик буюмдарын сатып, аталган экстремисттик топтун эсебине акча которушканы аныкталды.

Кыздар согушкерлерге жалпысынан 43 миң рубль беришкенин мойнуна алышты. Бирок жакындары жана адвокат алар күнөөнү басым астында мойнуна алганын, аталган акча муктаждарга жардам берүү үчүн мусулмандардын кайрымдуулук уюмуна жөнөтүлгөнүн белгилешүүдө.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Сирия жана Ирактагы согушкерлердин курамында 2900гө жакын орусиялыктар бар.

XS
SM
MD
LG