Ссылки доступа

Түркиядан 12 мекендешке операция жасалган жок


Түркияга бекер дарыланууга барган 50 кыргызстандыктын арасынан 12 оорулууга операция жасалган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой бейтаптардын айрымдарында С гепатитинин активдүү формасы аныкталса, кээ биринин донорлору келбей койгон. Көпчүлүгү бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операция жасатмак. Учурда операция жасалбай калгандардын төртөө өлкөгө келсе, сегиз мекендеш дарыланып жатат.

Кыргызстан жана Түркия өлкөлөрүнүн өкмөт аралык келишимине ылайык, жылына 100 кыргызстандык бекер дарылануу мүмкүнчүлүгүн алышкан. Атайын комиссия 50 адамды тандаса, калган 50 бейтапты Түркиянын элчилиги тандайт.

2015-жылда дарылануу үчүн 450 арыз түшүп, комиссия 100 оорулууну тандап алган. Алардын арасынан 50 адам дарыланууга жөнөп, калганы өз кезегин күтүшүүдө.

Келерки жылы Түркияга дарыланууга баруучуларды комиссия январь айында карап баштайт.

XS
SM
MD
LG