Ссылки доступа

Молдовада Италия элчисинин автоунаасы уурдалды


ABC News агенттиги полиция кызматкерлерине таянып билдиргендей, Италиянын элчисине таандык Alfa Romeo автоунаасы Кишиневдогу элчиликтин резиденциясынан уурдалган.

Полициянын басма сөз катчысы Наталья Стати маалымдагандай, камералар элчи Энрико Нунциаттан башка резиденцияда адам бар болгонун аныктаган. Ал терезени талкалап, имараттын ичине кирип, жашырынып калганы белгилүү болду.

Карактоо учурунда үйдө эч ким жок болгон. Кайтаруу да болгон эмес.

Коопсуздук боюнча жооптуу кызматкерлер азырынча эч кандай маалымат бере элек. Кылмышкер кармалса, 12 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG