Ссылки доступа

Орусияда кийим аткезчилерин 12 жыл абакка кесүү сунушталды


Орусиянын өндүрүш жана соода министрлиги жеңил өнөр жай товарларын мыйзамсыз ташыгандарды катаал жазага тартуу демилгесин көтөрдү. Бул маселе сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда камтылган.

Ага ылайык, Орусиянын аймагына 250 миң рублден ашык суммада мыйзамсыз товар алып кирсе 300 миңден эки миллион рублге чейин жаза пул алынып, кара жумушка тартылат. Ошондой эле бир жылдан он эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кылмыш адамдар тобу же кызматтагылар тарабынан жасалса, бир миллион долларга чейин айып пулга жыгуу же жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Эгерде кылмышты уюшкан топ жасаса, анда эң катаал жаза - он эки жыл эркинен ажыратуу сунушталууда. Булар үчүн айып пулдун өлчөмү эки миллион рублга жакын. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Талкуу 10-мартка чейин уланат.

XS
SM
MD
LG