Ссылки доступа

Иран Батыштын кемелери тарапка ракета кое берди


АКШнын Борбордук командачылыгынын расмий өкүлү Кайл Рейнс муну “чагым” катары баалады.

Анын айтуусунда, 26-декабрда Иран ракетаны Батыш мамлекеттеринин согуштук кемелери жүргөн аймакта учурган.

Кайл Рейнс ракеталар аскердик кемелерге багытталбаганын, бирок, америкалык корабль бул жерден 1,3 километр гана алыстыкта болгонун кошумчалады.

Ошол эле маалда Америка тарап 23 мүнөт мурун эскертүү алган.

«Бул кадам кооптуу. Ирандын деңиздеги коопсуздукту камсыздоо ниетине күмөн туудурат», – дейт Рейнс.

Окуя учурунда батыштык кемелер Ормуз кысыгы аркылуу Перс булуңуна өтүп бараткан.

XS
SM
MD
LG