Ссылки доступа

Москванын полициясы дагы бир тажик мигранттардын баласын тартып алды


и
и

Качкындардын балдарын адаптациялоо борборунун башчысы Ольга Николаенко 28-декабрда Москвада полиция кызматкерлери көчөдө энеси менен бараткан 14 жаштагы баланы кармап кетишкенин кабарлады.

Анын айтымында, баланын жанында паспорт бар, бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүк табылган эмес. Буга байланыштуу өспүрүмдү полиция “Кароосуз калган балдар” операциясынын алкагында кармаган. “Документи жок болуп чыккандан кийин бала ооруканага, андан кийин камкордук боюнча мекемелерге жиберилиши мүмкүн”, - дейт Ольга Николаенко.

Насим аттуу өспүрүм адаптациялоо борборунун окуучусу болчу. Азыркы убакта ал балдар ооруканасында. Энеси күбөлүктүн көчүрмөсүн укук коргоо органдарына көрсөткөн, бирок түпкү документин таба албай койгон. Мындан улам ага баласы менен жолукканга уруксат берилбей жатат.

Быйыл октябрда Петербургда полиция кызматкерлери тажик мигранттардын 5 айлык баласын тартып алган эле. Умарали Назаров ооруканада табышмактуу жагдайда чарчап калып, окуя коомдо түрдүү сын-пикирлерди жараткан.

XS
SM
MD
LG