Ссылки доступа

Ташкенде Жаңы жылдык символдордун кызматы кымбат болууда


Ташкенде 31-декабрда Аяз Кыз менен Аяз Атаны үйгө чакырыш үчүн 2 миллион сумм төлөнөт.

Башка күндөрү мындай кызмат үчүн 150 миң сум төлөөгө туура келет. Бирок Өзбекстандын кээ бир облустарында Аяз Кыздарга “тийишкендер” көп болуп жаткандыгы үчүн Аяз Аталар жалгыз келүүгө аргасыз. Көп учурда Аяз Кыздын кийимин эркектер кийип кызмат кылып жатышат. Аяз Аталардын көпчүлүгү белгилегендей, алар 31-декабрда толугу менен иштешет, каалоочуларды башка күндө деле тейлешет.

Ташкенде жайгашкан «Флора» майрам уюштуруу агенттигинин өкүлү маалымдагандай, 31-декабрда алардын Аяз Ата жана Аяз Кыздары күндүз гана келе алышат. Былтыр мас болгон эркектер Аяз Кыздарга тийишкен учурлар кездешкен. «Аяз Аталар деле бизде көп эмес, алардын көпчүлүгү аткаминерлердин үйлөрүнө чакырылган. Аларга Аяз Аталар бекер иштеп беришет», - дейт облустук театрлардын биринин башчысы. Өзбекстанда былтыркы жылдары Аяз Аталар менен Аяз Кыздар үйлөрдүн ээлеринин мас абалынан пайдаланып, тоноп кеткен учурлар а болгон. Ошол үчүн бийлик жарандарды Жаңы жылдын алдында тааныбаган Аяз Ата, Аяз Кыздарды үйлөрүнө чакырбоону сунуштайт.

XS
SM
MD
LG