Ага ылайык, түрктөргө курулуш, архитектура, инженердик-техникалык долбоорлоо, мамлекеттик муктаждыктарды камсыздоо, жыгачты кайра иштетүү жана туризм тармактарында иш жүргүзүүгө чек коюлду. Ошол эле маалда бул чечим быйылкы жылдын 30-декабрына чейин келишим түзүлгөн Түркиянын ишканаларына тиешеси жок.
Документ өкмөттүн сайтында жарыяланды.
Эки өлкөнүн мамилеси түрк тарап Сирия менен чектешкен жеринде орус учагын атып түшүргөн 24-ноябрдан бери кескин курчуп кетти. Ошондон бери тараптар бири-бирин айыптап келет. Анкара орус учагы түрк аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүгө көңүл бурбай койгон соң атып түшүрүлгөнүн билдирген. Москва муну четке кагууда.