Ссылки доступа

 Орусиялыктардын көпчүлүгү арзан товарларды издешүүдө


Орусияда сатып алуучулардын басымдуу бөлүгү дүкөндөрдө товарларды баасына  жараша алары  белгилүү болду.

Жарандардын 50 пайызга жакыны буюмдарды арзандатуулар бар болгондо гана алышат. Бул тууралуу Sberbank CIB даярдаган изилдөөдө айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, арзан буюмдарды издегендердин саны 70 пайызга жеткен. Рублдин куну түшсө да, орусиялыктар былтыркы жылдай болуп азык-түлүктөрдү эрте камдап алышкан жок.

Орусиянын статистика комитети билдиргендей, ноябрда чекене соода жүгүртүү 13 пайызга кыскарып, акыркы 20 жылдагы эң начар көрсөткүч катары бааланды.

XS
SM
MD
LG