Ссылки доступа

Өзбекстанда ичимдик ичкендерге айып пул жогорулады


Өлкөдө 30-декабрдан тарта коомдук жайларда алкоголдук продукцияларды колдонгондорго жаза пулдун өлчөмү көтөрүлдү.

Жумуш ордунда, көчөдө, стадион, гүл бак, эс алуу бактарында, коомдук транспортто жана башка жайларда ичимдик ичкендер 11 доллар айып пулга жыгылат. Ал эми жарандар бир жыл ичинде ушундай эле жорукту кайталаса, жаза пулдун өлчөмү эки эсе көбөйтүлүп, 15 күнгө камакка алынат.

Ичимдикти үйлөнүү үлпөтүндө, мааракелик тойлордо, салтанаттарда, алкоголь сатууга уруксат берилген соода жана коомдук тамактануу жайларында гана ичүүгө уруксат берилмекчи.

XS
SM
MD
LG