Ссылки доступа

Ирак түрк аскерлерин чыгарууну талап кылууда


Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади өлкөнүн түндүгүнөн аскерлерди чыгаруу боюнча милдетин аткарбады деп Түркияны айыптады.

Бул жакта түрк күчтөрү өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко каршы күрөштө Ирактын жоокерлерин даярдап жаткан болчу.

Ошол эле маалда Ирактын Тышкы иштер министри Ибрагим аль-Жаафари өкмөттүрк аскерлеринен өз аймагын коргоого даяр экенин эскертти.

Декабрдын башында Анкара Иракка 150гө чукул жоокер жөнөтүп, бул кадамды аскерлер согушка карата даярдыктан өтүп жаткан Башик базасынын тегерегинде кырдаал курчуп кеткени менен байланыштырган. Кийинчерээк Түркия аскерлеринин бир тобун чакыртып алган. Бирок куралдуу күчтөрдү толук чыгаруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG