Ссылки доступа

Крым майрам күндөрү электр жарыксыз калды


Украина 30-декабрь күнү кечинде Крымга электр энергиясын жеткирген “Каховка-Титан” линиясын өчүрдү. Буга авариялык жагдай себеп болгону айтылууда.

Севастополь аймагынынжетекчилиги Крымда жапырт жарык өчүшү же электр энергиясы улам-улам жок болору күтүлүп жатканын билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, ар үч саат сайын пландуу өчүрүүлөр болушу ыктымал.

Көчөлөргө жарык берүү токтотулду. Троллейбустар каттамга чыкпай, ордуна маршруттук таксилер жүрмөй болду.

XS
SM
MD
LG