Ссылки доступа

 Жалал-Абадда экстремист деп шектелгендердин үйүн тинтүү уланууда


Жалал-Абад облустук милициясынын, Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү биргеликте 30-декабрь кечке жуук өткөргөн атайын операция убагында диний экстремисттик уюмга мүчө адамдардын үйлөрүнөн бир нече далил буюмдар табылды.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков билдирди. Анын айтуусунда, Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы 11 үй күч кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынып, Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмуна тиешелүү бир катар диний адабияттар, баракчалар, видео, аудио каражаттар табылды.

Тинтүү иш-чаралары бүгүн облустун башка райондорунда да улантылат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Жалал-Абадда 500гө чукул киши диний экстремисттик уюмга мүчө катары милициянын каттоосуна алынган.

XS
SM
MD
LG