Ссылки доступа

Өзбекстанда тамеки тартууга чектөө күчөтүлдү


Өлкөдө коомдук жайларда тамеки тартууга катуу тыюу салынды.

Административдик жоопкерчилик боюнча кодекске киргизилген мындай өзгөртүүгө өлкө президенти кол коюп, ал 30-декабрдан күчүнө киргенин "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады. Ага ылайык коомдук жайларда тамеки тарткандарга эң аз айлыктын үчтөн бир өлчөмүндө, же 43 миң өзбек суму эсебинде айып пул салына турган болду. Бул кыргыз сомуна оодарганда миң сомдон ашыгыраак болот.

Эми мындан ары Өзбекстанда атайын бөлүнгөн жайларда гана тамеки чегүүгө уруксат берилет.

Өлкөдө коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Бирок анда эч кандай жаза чаралары белгиленбегендиктен мыйзам иштебей жаткан эле.

XS
SM
MD
LG