Кол салуу 3-январда болду. Андан бир күн мурун Сауд Арабияда белгилүү шиит диний үгүттөөчүсү Нимр ан-Ним өлүм жазасына тартылган. Ирандын калкынын көбү шииттер болгондуктан, диний үгүттөөчүнүн өлүмүнө нааразы болгондор Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигинде бүлүк салышкан. Митингге чыккандар дипмиссиянын имаратына таш ыргытып, элчиликтин жарым бөлүгүн өрттөшкөн. Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адил ал-Жубейр митингчилердин жоругу Иран менен мамилени токтотууга алып келгенин жарыялады. Билдирүүдө Иран дипломаттары өлкөдөн 48 саат ичинде чыгып кетүүсү зарылдыгы айтылат.
Сауд Арабия бийлиги Тегерендагы элчилигине жасалган кол салуудан соң Иран менен дипломатиялык алакасын токтотту.