Ссылки доступа

Би-Би-Си сайтына хакердик чабуул койгон топ ачыкка чыкты


31-декабрда британиялык “Би-Би-Си” корпорациясынын сайтына жасалган хакердик чабуул үчүн New World Hacking  тобунун өкүлдөрү жоопкерчилик алды.

Хакерлер муну менен өздөрүн сынап көргөнүн билдиришти. Би-Би-Си кабарлагандай, аталган топ көптөгөн мамлекеттерде, анын ичинде Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” уюмунун интернеттеги аракеттерин байкоо менен алектенет. Алар дүйнөлүк желени экстремисттерден тазалоого умтулуп жатканын айтып беришкен. Хакерлер тобу 12 адамдан турары, анын тогузу эркек, калганы аял экени жана 2012-жылы түзүлгөнү белгилүү болду.

Жаңы жылдын алдында Би-Би-Си корпорациясынын сайттары жана iPlayer кызматы бир нече саат бою ачылбай, хакердик чабуулга кабылганы жарыяланган болчу.

XS
SM
MD
LG