Ссылки доступа

ИМ экстремисттик тобу Британия өкмөтүн опузалады


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Ирак жана Сирияда АКШ баштаган аскерий коалициянын беш өкүлү өлтүрүлгөнү тартылган видеотасманы интернетке чыгарды.

Тасмада колго түшкөн беш киши кызгылт кийимчен тизелеп отурат. Артында куралданган жана беткап кийген согушкерлер бар. Алардын бири тыңчылыкка шектелгендердин өлүмү тартылган видео Британиянын премьер-министри Дэвид Камеронго аталганын айтат.

Согушкерлердин интернет булактарына байкоо салган SITE тобу экстремисттердин колунан шейит кеткендер Сириянын Ракка шаарында кармалганын, бирок аты-жөндөрү тактала электигин маалымдады.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги видеону иликтөөгө киришти. 2015-жылдын декабрынан бери Британиянын аскерий учактары Ирак жана Сириядагы согушкерлердин турумдарын бутага алууну күчөткөн.

Буга чейин да “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу бир катар өлкөлөрдүн жарандарын мыкаачылык менен жазалоону видеого тартып интернетке жарыялаган.

XS
SM
MD
LG