Шри Ланка, Перу, Бразилия, Гренландия, Түштүк Африка, Куба менен катар Кыргызстан да жетинин бири болуп бул тизмеге кошулду.
Аны дүйнө туризм тармагын иликтеген Торонтодогу Butterfield&Robinson компаниясы түзгөн. 2016-жылдын мыкты туризм өлкөсү деп табылгандар саясий стабилдүүлүк, мейманканалар, көңүл ачуучу жайлардын сапаты менен бааланган.
Wild Frontiers коомунун негиздөөчүсү Жонни Билби Кыргызстанда баалар абдан арзан экенин, 2012-жылдан бери көп өлкөлөргө визасыз каттам киргизип, саякаттоонун түйшүгү жеңилдегенин, өткөн жылы шайлоо абдан тынч өткөнүн билдирип, 2016-жылы бир катар тарыхый, маданий мааракелер күтүлүп жатканын белгилеген.
Айта кетүүчү жагдай, Караколдогу тоо-лыжа базасы да КМШдагы мыкты делген 10 курорттун катарын толуктаган. “Тоодо эс алуу” деп аталган тизмени Forbes журналы жарыялады.